Бакыт Төрөбаев: Кайра иштетүү, соода-логистикалык борборлорду, кампаларды курууга басым жасалат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаев министрлик өлкөдө кайра иштетүү, соода логистикалык борборлорун куруу жана кампаларды ишке киргизүүгө басым жасай тургандыгын белгиледи. Бул тууралуу Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында билдирди.
“Биз жылына 5-6 миллион тонна өсүмдөк жыйнайбыз. Ошонун бир гана пайызы кайра иштетилет. Ошондуктан бул жаатта ишти күчөтөбүз. АБР, Дүйнөлүк банктан бөлүнгөн каражаттарды толугу менен кайра иштетүү, логистикалык борборлоду, кампаларды курганга жумшоону пландап жатабыз. Бул биздин команданын саясаты”, – деп билдирди Бакыт Төрөбаев.