Бакыт Төрөбаев Чүй облусундагы курулуп жаткан объектерди текшерди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусун кыдырган жумушчу иш сапарынын алкагында Сокулук, Аламүдүн райондорундагы бир нече объектердин курулуш иштерин текшерди.
Ведостводон билдиришкендей, ал Сокулук районунда курулуп жаткан соода логистикалык борборунун курулуш ишин жана Аламүдүн районунда салына турган “Манас” соода логистикалык шаарчасынын абалын текшерип, мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү колдоолор мыйзам чегинде көрсөтүлөрүн билдирди.
Ошондой эле инвесторлор өзүнүн жоопкерчилигине алган милдетти, аткарыла турган жумуштарды өз убагында, мыйзамдын алкагында сапаттуу аткарылышы керектигин белгиледи.
Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга комплекстин курулушуна ар тараптуу көмөк көрсөтүү, керектүү документтерди мыйзам чегинде алуу процессине көмөктөшүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.