Бакуда Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Баку шаарында Азербайжага болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө президенти Ильхам Алиев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери талкууланды.

 

Тараптар акыркы эки жылда Бишкекте жана Бакуда өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр, ошондой эле жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган документтер кызматташтыкка маанилүү түрткү гана бербестен, эки өлкөнүн өз ара мамилесин таптакыр жаңы, сапаттуу мазмун менен толтургандыгын канааттануу менен белгилешти.

 

Эки өлкөнүн арезиденттери союздук мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара берилгендикти ырасташты.

Связанный пост