Баңгизат сатууга шектелип 58 жаштагы киши кармалды

 Баңгизат сатууга шектелип 58 жаштагы киши кармалды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылдын 10-декабрында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ооган гашишин сатып жүргөн эркек киши тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган.

Тергөө иштеринин алкагында милиция кызматкерлери андан 1500 сомго гашиш сатып алышкан, ал эми 26-мартта 1968-жылы туулган А.А. аттуу шектүүнү колго түшүрүшкөн. Аны тинтүү учурунда жанынан 40 грамм гашиш табылган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Связанный пост