Бүгүнкү күнгө карата өлкөгө 42 миң тонна минералдык жер семирткичтер ташылып келинди

 Бүгүнкү күнгө карата өлкөгө 42 миң тонна минералдык жер семирткичтер ташылып келинди

Бүгүнкү күнгө карата өлкөгө 42 миң тонна минералдык жер семирткичтер ташылып келинди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында 2025-жылдагы жазгы талаа иштерине даярдыктар боюнча маселе каралып жатканда билдирди.

Ал белгилегендей, 1 жылга болжолдуу 140-150 миң тонна минералдык жер семирткичтер керектелет. Учурда анын 30 пайызы камсыздалды.

“Азыр 8 компания жер семирткичтерди ташып келип жатат. Аларды сатуу 48 пунктта ишке ашырылат. Республика боюнча азоттук жер семирткичтердин баасы аммиак селитрасынын 1 килограммы 23 сомдон 30 сомго чейин, ал эми карбомид 30-39 сомдон болот”, – деди Төрөбаев.

Связанный пост