Бүгүнкү күндө 132 миңден ашуун бала мектепке катталды

Кечээ, 2-июнда 2025/26-окуу жылына мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Каттоо 15-августка чейин уланат.
Агартуу министрлигинин мектепке кабыл алуу порталындагы маалыматка ылайык, жалпы 289 772 орун бар. Бүгүнкү күндө 132 миңден ашуун бала биринчи жана экинчи класстарга катталды. Дагы 157 миңден ашуун орун калды. Алардын 28 миңден ашууну жеңилдетүү каралган (льгота) орундар. 593 орун күтүү режиминде турат. Портал саат сайын жаңыланып турат.
Белгилей кетсек, быйыл бул кызмат арыз берүү процессин бир топ жеңилдетүүдө. Ата-энелер баласын мектепке бир нече мүнөттүн ичинде түз эле смартфонунан каттап жатышат.
Эскерте кетсек, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги Агартуу министрлиги менен биргеликте ушул жылдын март айында Tunduk мобилдик тиркемесинде жаңы кызматтын бет ачарын өткөргөн. Андан сырткары, MegaPay, МБанк жана МойО!+Банк тиркемелерин колдонсо да болот.