Бүгүн Жиддадан Бишкек менен Ошко 210 жаран келет

 Бүгүн Жиддадан Бишкек менен Ошко 210 жаран келет

Бүгүн Жиддадан Бишкек менен Ош шаарларына 210 жаран келет.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 4-мартта жарандарды Мекенге кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Жидда – Бишкек жана Жидда – Ош багыттары боюнча эки атайын авиакаттам аткарылат.

Белгиленгендей, Жидда – Бишкек багыты боюнча каттам менен 90 жаран, ал эми Жидда – Ош багыты боюнча 120 жаран жеткирилери күтүлүүдө.

“Учурда эки учак тең жолдо келе жатат жана алдын ала маалыматтар боюнча, болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкек жана Ош шаарларына келип конот”, – деп айтылат маалыматта.

Жетишилген макулдашууларга ылайык, аталган багыттар боюнча каттамдар туруктуу негизде жумасына үч жолу аткарылат: Бишкек шаарына — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү; Ош шаарына — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү.

Кыргызстандын жарандарын коопсуз кайтарууну камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.

Связанный пост