Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстанга $4 млн грант берет

 Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстанга $4 млн грант берет

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы “Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын 1-фазасын даярдоо боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2025-жылдын 18-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын ортосундагы гранттык макулдашуу (мындан ары – гранттык макулдашуу) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргызстан тарабынан аткаруу болуп саналат. Мыйзам менен гранттык макулдашууну ратификациялоо каралат.

Гранттык макулдашуу “Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын 1-фазасын ишке ашыруу үчүн Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы тарабынан 4 млн АКШ доллары суммасында финансылык каражаттарды берүүнү карайт. Бул программанын максаты Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарынын айылдарында суу менен камсыздоо жана санитария системасын жакшыртууну камсыз кылуу, ошондой эле санитарияны андан ары өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу милдеттерди чечүү болуп саналат, бул Кыргызстандын суу секторун өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.

Связанный пост