Ажиевдин апасы президентке ырайым сурап январда кайрылган

 Ажиевдин апасы президентке ырайым сурап январда кайрылган

Даниэл Ажиевдин апасы президент Садыр Жапаровго баласына ырайым кылуу өтүнүчү менен январдын башында кайрылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, учурда социалдык тармакта президенттин телефонуна Ажиевдин апасынын видео кайрылуу жөнөткөнүнө күмөн санагандар болууда.

Буга байланыштуу Аскат Алагөзов аталган видеону баракчасына кошо тиркеди.

“Соцтармакта “Кантип эле президенттин жеке WhatsApp номерине кайрылсын” деген өңдүү күмөн саноолор болуп жаткандыктан төмөндө Ажиевдин апасынын видео кайрылуусун жана ал салган телефон номердин сүрөтүн жүктөйм”, – деди ал.

Связанный пост