Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасына келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Сапардын алкагында Президент Ильхам Алиев үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.33

Связанный пост