Аял ишкерлерди колдоо максатында жеңилдетилген насыя бериле баштайт
Өлкөдө аял ишкерлерди колдоо максатында жеңилдетилген насыя бериле баштайт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Министр Бакыт Сыдыков “Элдик банк” ААК жана “Ишкерликти өнүктүрүү фонду” менен “Аялдар ишкерлигин өнүктүрүү” демилгесинин алкагында аялдардын бизнесин жеңилдетилген шартта каржылоо долбоорун ишке киргизүү боюнча макулдашууга кол койду.
Программа өлкөнүн аймактарындагы аялдардын бизнес демилгелерин туруктуу колдоого жана алардын каржылык ресурстарга жетүүсүн кеңейтүүгө багытталган.
Долбоор Азия өнүктүрүү банкы аркылуу Япониянын жакырчылыкты кыскартуу фонду тарабынан каржыланууда. Каржылоонун көлөмү 40 млн сомду түзөт жана бул каражаттар грант түрүндө берилет.
Жеңилдетилген кредиттер Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары аймактарда иш алып барган аял‑ишкерлерге 12 пайыз жылдык ченден жогору эмес, 8 жылга чейин берилет.
Кол коюу аземинде министр Бакыт Сыдыков бул программа аялдар ишкерлигин өнүктүрүү жана колдоо боюнча мамлекеттик дагы бир маанилүү кадам экенин белгиледи.
Долбоордун шарттары министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.