Автотранспорт каражаттарын онлайн түрдө кайра каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте автотранспорт каражаттарын онлайн түрдө кайра каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизгендигин кубануу менен кабарлайбыз.

Пилоттук долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын демилгеси менен иштелип чыккан жана «РСК Банк» ААК платформасында ишке ашырылган.

Онлайн кайра каттоо үчүн ИИМдин “Унаа” ММнин бөлүмдөрүндө унаа фото-видео кароодон өтүш керек, визуалдык текшерүүнүн маалыматтары базада 30 күн сакталат.

Онлайн кайра каттоо “RSK 24” тиркемесинин колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болот.

Эгерде айып пулу жок жана транспорт каражаты камакка алыбаган учурда, сиз унааны онлайн сатууга мүмкүнчүлүгүңүз болот. Жакынкы келечекте онлайн кайра каттоо башка төлөм тутумдарында да жеткиликтүү болот.

Связанный пост