Автобустардагы видеобайкоо пилоттук долбоору бузууларды каттоодо
Жаңы автобустарда 5 камералуу видеофиксация бар: бир камера жолго багытталган, башкача айтканда алдыңкы камера, экинчи камера – арткы көрүнүшкө, үч камера автобустун ичине багытталган.
5-октябрдан баштап Бишкек шаарынын мэриясы КР ИИМи менен биргеликте пилоттук режимде жол кыймылынын катышуучуларынын тиешелүү укук бузууларын фиксация кылуу үчүн алдыңкы камераларды колдоно баштады.
Аталган иштер Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” жөнүндө кодексинин 506-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пуктуна ылайык жүргүзүлүүдө: жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле маалыматтын башка булактарындагы билдүрүлөр, анын ичинде укук бузуу жагдайынын болушун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган видео же фото материалдар.
Автобустар аркылуу аныкталган укук бузуулар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 511-беренесине ылайык, укук бузуу жѳнүндѳ иш боюнча далил болуп саналат.
Видеобайкоолордогу тиешелүү материалдар белгиленген тартипте каралып жана көбөйтүлүп, Бишкек шаардык ИИБнин МККна жөнөтүлөт.
Эң негизгиси бул камералар:
– аялдамалардагы уруксатсыз токтогон автоунааларды;
-тиешелүү тилкелерди бузуу менен айдаган автоунааларды;
– ылдамдыктын чектөөсүн бузган, башка жалпы багыттагы укук бузууларды тартат.
Бир күндө бир автобус 65ке чейин укук бузууларды каттап, жалпысынан 20000 миң сомго чейинки административдик айып пул сала алат.
Бүгүнкү күндө видеобайкоо № 212, № 51, № 42 автобустук линияларында жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, жакынкы арада видеобайкоо туташтырылган бардык автобустук линияларда башталаарын эскертебиз.
Негизинен бул иштер тиешелүү айып пул салуу үчүн эмес, жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.