Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо аяктады

 Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо аяктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ат-Башы гидроэлектростанциясын (ГЭС) реконструкциялоо долбоорунун расмий аяктоо аземине катышуу үчүн Нарын облусуна келди.

Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин башчысы реконструкциялоо аяктагандан кийин кубаттуулугу 40 МВттан 45,7 МВтка чейин жогорулаарын, анын иштөө мөөнөтү 25 – 40 жылга жетээрин жана бул Ат-Башы ГЭСинин аймак үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык потенциалы абдан жогору, бизде 40 миңге жакын дарыялар, мөңгүлөр бар, аларда дүйнөнүн эң бийик 4 чокусу жайгашкан. Биз бул потенциалды пайдаланууга даярбыз жана келечектеги инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Буга түздөн-түз далил — Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоонун аякташы. Мындан ары Ат-Башы ГЭСи Нарын облусунун жашоочуларын туруктуу электр энергиясы менен гана камсыз кылбастан, бүтүндөй облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошот”, –  деген Акылбек Жапаров ГЭСти реконструкциялоого жардам көрсөткөндүгү үчүн Швейцария Конфедерациясынын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, 2022-жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө 15 млрд сом бөлүнгөн.

“Биз кылымдын курулушун баштадык – алар Камбар-Ата-1 ГЭСи, 2 жылдан бери токтоп турган Токтогул ГЭСинин № 4 гидроагрегаты ишке киргизилди, азыр ал саатына 1260 МВт электр энергиясын иштеп чыга алат. Учурда 50гө жакын чакан ГЭСтер курулуп жатат, бул башталышы. Биринчиден электр энергиясы экологияга зыян келтирбейт, экинчиден заманбап жашоонун энергиясы жана жаңы мүмкүнчүлүктөр. Ишенимдүү энергетикалык система мамлекеттин туруктуулугун камсыздайт”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашырууга 25 млн АКШ доллары бөлүнүп, анын жүрүшүндө бардык электромеханикалык жабдууларды реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери аяктаган.

Связанный пост