Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү долбоору боюнча 226,21 млн сом жеңилдетилген насыя каржыланды

 Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү долбоору боюнча 226,21 млн сом жеңилдетилген насыя каржыланды

9-октябрга карата өлкөдө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү долбоору боюнча 226,21 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя каржыланды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыя 65 каржылоо субъекттерине берилди.

Бул долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААК катышууда, аларды насыялоонун суммасы 1 млрд 849,56 млн сомду түзөт.

Белгилей кетсек, азыктуулугу жогору асыл тукум малды сатып алуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин токтому менен “Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү” долбоору бекитилген.

Связанный пост