«Асман Эйрлайнстын» учагы Бишкек – Баткен багыты боюнча алгачкы каттамын аткарды

Бишкек – Баткен багыты боюнча биринчи жолу учкан «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Баткен шаарына конду. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

 

Учактын алгачкы каттамын КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер салтанаттуу тосуп алышты.

 

Жаңы учак менен 80 жүргүнчү келди.

 

Ата мекендик авиакампаниянын ишке кириши, мамлекеттик учактын каттамга коюлушу, авиакаттамдардын көбөйүшү менен билет бааларынын арзандашын шарттап, өлкө борборунан 1000 чакырым алыстыкта жайгашкан Баткен облусунун элинин муктаждыгын жеңилдетти.

 

Ички каттамдар боюнча учуп жаткан учак бүгүндөн тарта Баткен облусуна уча баштады.

 

Мындан ары жуманын шейшемби күнү Раззаков шаарына, бейшемби күнү Баткен шаарына каттайт.

Связанный пост