Аскерлерге зомбулук көрсөткөн жетекчилер камакка алынды
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан текшерүү иштерин жүргүзүүдө Коргоо министирлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин жооптуу кызмат адамдары тарабынан аскер кызматкерлерине карата зомбулук көрсөтүү фактылары аныкталды.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголду.
Кылмыш иштин алкагында зомбулук көрсөткөн аскер бөлүгүнүн 3 жетекчиси камакка алынды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдары такталууда.