Аскердеги коррупция жана мыйзам бузууларга карата күрөш күчөйт
Куралдуу күчтөрдүн, аскердик түзүлүштөрдүн жана башка аскер кызматына тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Координациялык кеңештин жыйыны өттү.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жыйында Куралдуу күчтөрдүн, аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган органдардын 2025-жылдын өткөн мезгилине карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары угулуп, аныкталган мыйзам бузуулар талкууланды.
Ошондой эле президенттин жарлыгы менен бекитилген «2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясын» өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу тапшырылды.
Мындан тышкары, аскер кызматкерлеринин арасында укук бузуулардын, уставдык эрежелерден тыш мамилелердин, өзүн өзү өлтүрүү фактыларынын алдын алуу маселелери каралып, бул багыттагы ишти күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу чаралары талкууланды.