Аскер бөлүктөрүндө көзөмөл күчөп, жоокерлердин коопсуздугу жакшырды
Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин жана жоокерлердин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле уставдан тышкары мамилелердин алдын алуу боюнча акыйкатчынын сунуштары жигердүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-14-майда акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери Чүй облусундагы ЖАМКнын №3 батальонуна жана ӨКМдин №86 123 аскер бөлүгүнө мониторинг жүргүзүп, буга чейин берилген сунуштардын аткарылышын текшеришти.
Мониторингде ЖАМК тарабынан аскер кызматкерлери үчүн 450 даана көкүрөк видеокамерасы сатып алынып, бөлүктөргө таркатылганы аныкталды. Ал эми ӨКМдин аскердик жайларына үн жазуу функциясы бар 113 видеобайкоо аппараты орнотулган.
Мындан тышкары, аскер бөлүктөрүндө атайын тестирлөө ыкмалары киргизилип, психологдор кызматка көнүүдө кыйналган жаш жоокерлер менен жекече иш алып барууда.
Тартип бузган командалык курамга карата чаралар катаалдашты. Маселен, ӨКМ тутумунда бир катар кызматкерлерге сөгүш берилип, айрымдары кызматынан бошотулган.
Мониторинг учурунда 50дөн ашык жоокер менен жекеме-жеке баарлашуулар өткөрүлүп, укуктарды коргоо жолдору түшүндүрүлдү.
Эскерте кетсек, акыйкатчы ар бир жоокер мамлекеттин камкордугунда болушу зарыл экенин жана армиядагы адам укуктарынын сакталышы институттун өзгөчө көзөмөлүндө каларын бир нече ирет баса белгилеген. Бул багыттагы текшерүүлөр жана алдын алуу иш-чаралары мындан ары да туруктуу негизде жүргүзүлүп турмакчы.