Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

 Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.

“Баарыбыз үчүн эсте каларлык бул күнү биз миллиондогон мекендештерибиздин — өзүнүн теңдешсиз эрдиги жана каармандыгы менен адамзатты фашизмден бошоткон фронттун жоокерлери менен оорук эмгекчилеринин элесин сыймыктануу жана терең ыраазычылык менен урматтайбыз.

Улуу жеңиштин элеси мындан ары да өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо үчүн бекем негиз болуп кала берерине ишенем”, – деп айтылат куттуктоодо.

Никол Пашинян Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Связанный пост