Арча-Бешик конушунда контрафакттык арак чыгаруучу цех аныкталды
Бишкек шаарында контрафакттык алкоголдук продукцияны өндүргөн жашыруун цех аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Арча-Бешик конушунда жайгашкан цехтин имаратын текшерүү учурунда 122 даана жасалма алкоголдук продукция, келип чыгышы шектүү 2 миң 180 акциздик маркалар, спирттик өзгөчө жыты бар 110 литр суюктук, куюу үчүн колго жасалган жабдуу, ошондой эле ар кандай аталыштагы алкоголдук продукциялардын этикеткалары жана айнек идиштери табылган.
Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.