Арашан койлорун экспорттоого уруксат берилди

 Арашан койлорун экспорттоого уруксат берилди

Арашан койлорун экспорттоого уруксат берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн токтому чыкты жана ал бир жуманын ичинде күчүнө кирет.

“Жалпыга маалым болгондой, арашан коюнун экспортун жапканыбыздын себеби эттин кымбатташы болду. Арашан асыл тукум мал болгондуктан, кайрадан уруксат берилип жатат. Негизи, чектөөлөргө мен каршымын. Күз айларында чектөөлөр аягына чыгат деп күтүп жатабыз. Малды багуунун максаты аны сатуу болгондуктан, сатышыбыз керек. Ал аркылуу фермер өзүнүн чыгымдарын актап, пайда көрүшү зарыл. Өкмөт бул багытта иштерди алып барууда. Кардар үчүн дагы, фермер үчүн дагы пайдалуу боло тургандай балансты сактап, экспортко жол ачып беребиз”, – деди министр.

Связанный пост