Арашан асыл тукумундагы 169 баш асыл тукум койдун алгачкы партиясы Өзбекстанга экспорттолду

 Арашан асыл тукумундагы 169 баш асыл тукум койдун алгачкы партиясы Өзбекстанга экспорттолду

Арашан асыл тукумундагы 169 баш асыл тукум койдун алгачкы партиясы Өзбекстанга экспорттолду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, асыл тукум койлордун экспорттолушу коомчулукта талкуу жаратууда. Ушуга байланыштуу министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу бул маселе боюнча түшүндүрмө берди.

Асыл тукум малды экспорттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Экспорттолгон ар бир баш асыл тукум мал үчүн 17 миңден 20 миң сомго чейинки тиешелүү төлөмдөр мамлекеттик бюджетке түшөт.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда товардык багыттагы койлорду экспорттоого убактылуу чектөө киргизилген. Бул чара ички рынокто эттин баасынын туруктуулугун камсыздоо максатында кабыл алынган.

Ошол эле учурда Арашан породасындагы асыл тукум койлордун экспорту ички рыноктогу баага таасирин тийгизбейт. Анткени бул жогорку генетикалык баалуулукка ээ асыл тукум мал болуп саналат. Аларды өстүрүү, селекциялоо, экспортко даярдоо жана сыртка чыгаруу олуттуу чыгымдарды талап кылат.

Бул багыт экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө, асыл тукум мал чарбачылыгынын наркын жогорулатууга жана өлкөгө кошумча киреше алып келүүгө өбөлгө түзөт.

Связанный пост