Аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 6-ноябрга чейин узарды

 Аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 6-ноябрга чейин узарды

Кыргызстанда 17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 6-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

БШК маалымдагандай, бул жарандардын аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган.

Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустук борборлорунда аралыктан добуш берүүгө арыздар кабыл алынып жатат. Бул үчүн атайын уюштурулган пункттарда, жети КТБда, 10 ЖОЖдо жана 10 шайлоо участокторунда атайын кызматкерлер ачык түстөгү жилеттерди кийип, жарандарга арыз берүү боюнча квалификациялуу жардам көрсөтүшөт.

Аралыктан добуш берүүгө арызды кабыл алуу процесси жөнөкөй жана ыңгайлуу. Катталуу үчүн 6-ноябрга чейин tizme.gov.kg сайтына кирип, “Шайлоочунун кабинети” кызматынан пайдаланып арыз берүү керек. Аралыктан добуш берүү жол-жоболору анкета толтуруу жана арызды ырастоодон турат.

БШК жарандарды узартылган арыз берүү мөөнөтүн пайдаланып, 6-ноябрга чейин бардык жеткиликтүү ыкмалар аркылуу арыз берүүгө чакырат.

Бардык суроолор боюнча 1255, 0550 350 650 (WhatsApp) телефондоруна кайрылуу керек.

Арыздарды кабыл алуу пункттарынын даректери:

шайлоо участогу жогорку окуу жайы калкты тейлөө борбору
1 БИШКЕК, Ленин району, Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу, Фрунзе көч. №547 БИШКЕК, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, проспект Ч.Айтматова 27 БИШКЕК, Калкты тейлөө борбору:

Чокан Валиханов көч. №2

2 БИШКЕК, Октябрь району, райондук мамлекеттик админстрациясынын имараты, “Таберик” балдар музыкалык театрынын залы, Байтик баатыр көч. №17 БИШКЕК, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, И.Ахунбаев көч.№92

 

3 БИШКЕК, Биринчи май району, К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепканасынын имараты, Огонбаев көч. №242 БИШКЕК, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Раззаков көч. №51
4 БИШКЕК, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын имараты, Ю.Абдрахманов көч. №167 БИШКЕК, Туризм академиясы, Чүй проспектиси №99
5 ОШ, А.Навои атындагы орто мектебинин имараты, Масалиев көч. №37 ОШ, Ош мамлекеттик университети, Ленин көч.№331 ОШ, Калкты тейлөө борбору:

Касымбеков көч. №8г/1

6 БАТКЕН, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин имараты, Ж.Момунов көч.№16 БАТКЕН, Баткен мамлекеттик университети, И.Жусупов көч. №21 БАТКЕН, Калкты тейлөө борбору:

Мурат Салихов көч. №33/1

7 ЖАЛАЛ АБАД, Б.Осмонов атындагы мамлекеттик университетинин имараты, Т.Байзаков көч. №25 ЖАЛАЛ АБАД, К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети, Спутник к/ш Тарсус көчөсү №1а ЖАЛАЛ АБАД, Калкты тейлөө борбору:

Барпы Алыкулов көч. №1

8 КАРАКОЛ, К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин имараты, Тыныстанова көч. №26 КАРАКОЛ, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Ысык-Көл юридикалык институту, К.Тыныстанов көч. №46 КАРАКОЛ, Калкты тейлөө борбору:

Гебзе көч. №124

9 НАРЫН, КРнын Президентинин Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, Ленин көч. №76 НАРЫН, Жаштар үйү, Ленин көчөсү №76 НАРЫН, Калкты тейлөө борбору:

Ленин көч. №39

10 ТАЛАС, А.Токтогулов атындагы облусттук китепкананын имараты, Ч.Айтматов көч. №353 ТАЛАС, Талас мамлекеттик университети, Нуржанов көч. №25а ТАЛАС, Калкты тейлөө борбору:

Дзержинский көч. №28

 

Связанный пост