Анкарада Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата Эл аралык Ысык-Көл форуму болуп өттү

2023-жылдын 12-декабрында Анкара шаарында Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына карата жазуучунун атындагы 5-Эл аралык Исык-Көл форуму болуп өттү. Ага 500дөн ашык адам катышты.

Форум Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу астында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги, “Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму” коомдук бирикмеси жана Чыгыш менен Батыштын ортосундагы Анадолу маданий долбоорлорунун платформасы менен биргеликте уюштурулду. Долбоордун координатору – түрк маданият ишмери жана кинорежиссер Омер Эрдоган. Форумдун негизги темалары түрк дүйнөсүнө тиешелүү биргелешкен долбоорлор жана сунуштар, ошондой эле түрк мамлекеттеринин 2040-жылга чейинки келечектеги максаттары болду.

Иш-чарага ТР Маданият жана туризм министринин орун басары Н.Алпарслан, ТР Айлана-чөйрө, урбанизация жана климаттын өзгөрүшү министринин орун басары Р.Тузчуоглу, ТР Улуттук билим берүү министринин орун басары Н.Йылмаз, ТР Саламаттык сактоо министринин орун басары Ш.Биринжи, КР ТРдагы Элчиси Р.Казакбаев, түрк саясатчы жана Түркиянын президенттигине экс-талапкер С.Оган, Анкара коомдук илимдер университетинин ректору профессор М.К.Арыжан, Түркия парламентинин депутаттары, Түркиянын министрлик жана ведомстволорунун, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес чөйрөсүнүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана Түркияда жашаган мекендештер катышты.

Форумдун ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун видеокайрылуусу менен башталды. Президент Форумдун катышуучуларына жана уюштуруучуларына кайрылып, иш-чараны түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгында өткөрүлүп жаткандыгынын символикалуулугун белгиледи. Ал ошондой эле Ч.Айтматов тынчтыктын жана элдердин достугунун элчиси экендигин баса белгиледи. Мындан тышкары, С.Жапаров “өз мезгилинде дүйнөдөгү интеллектуалдардын башын кошкон Ысык-Көл форуму бүгүнкү күндө дагы дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам өз актуалдуулугун жоготкон жок” деп белгиледи. КР Башчысы кайрылуусунун жыйынтыгында 5-Ысык-Көл форуму мурдагыдай эле саясий, интеллектуалдык, илимий чөйрөлөрдүн, маданият жана искусство өкүлдөрүнүн адамзаттын бир катар актуалдуу глобалдык көйгөйлөрүн жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулоо жана пикир алмашуу үчүн жолугушуу аянтчасы катары кайталангыс форумга айланат деген ишенимин билдирди.

Элчи Р.Казакбаев ачылыш сөзүндө катышуучуларды түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдык мааракеси менен куттуктап, жазуучунун мааракеси Кыргызстан жана Түркияда гана эмес, башка өлкөлөрдө да кеңири белгиленип жатканын белгиледи. Ошондой эле Элчи иш-чаранын уюштуруучуларына кыргыз улутун жана анын өзгөчөлүктөрүн бүткүл дүйнөгө тааныткан Ч.Айтматовдун маданий мурасын сактоо, изилдөө жана жайылтуу идеяларын жайылтууга жана колдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Форумдун соңунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго «5-Эл аралык Ысык-Көл форумунун ардактуу төрагасы» наамын ыйгаруу чечими жарыяланды.

Белгилей кетсек, форумдун экинчи этабы 2024-жылдын 8-10-июнунда Азербайжандын Баку шаарында өтөт.

Связанный пост