Алтынбек Кылычбаев Сузак округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары катталды

 Алтынбек Кылычбаев Сузак округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары катталды

Кылычбаев Алтынбек Таирович №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

 

Белгилей кетсек, №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үстүбүздөгү жылы 22-сентябрда өткөн.

 

Ал эми 26-сентябда БШКнын №150 токтому менен Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары аныкталды.

 

Ошентип, бүгүн Алтынбек Кылычбаевге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.

Связанный пост