Алтынбек Бектуров Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Бектуров Алтынбек Жунусович Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды.