Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды

 Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Алмамбет Насырканович Шыкмаматов Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Фискалдык органдын жамаатына жаңы жетекчини министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырды.

Алмамбет Шыкмаматов буга чейин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап, андан кийин президенттин кеңешчиси болуп дайындалган.

Связанный пост