«Альфа Телеком» ЖАКнун экс-башчысы кармалды

 «Альфа Телеком» ЖАКнун экс-башчысы кармалды

«Альфа Телеком» ЖАКнун жабдыктарды жогорулатылган баада сатылып алынган фактысын аныктады. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
«Альфа Телеком» ЖАКнун IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси, тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.
Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген зыян салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго жакын өлчөмүндө зыян келтирилген.
Алынган далилдердин негизинде «Альфа Телеком» ЖАКнун экс-башчысы Д.Б.Б. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Связанный пост