“Альфа-Телеком” ЖАКнун акциясы сатылууда. Баштапкы баасы 14,6 млрд сом

 “Альфа-Телеком” ЖАКнун акциясы сатылууда. Баштапкы баасы 14,6 млрд сом

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) кабарлагандай, мамлекеттик акциялардын 100% толук пакети электрондук аукционго коюлду.

“Альфа-Телеком” ЖАКну мамлекеттик пакетинин акциясынын баштапкы суммасы – 14 миллиард 600 миллион сом.

Табыштамалар 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө кабыл алына баштайт.

Табыштамаларды кабыл алуу 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө аяктайт.

Электрондук аукцион 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Связанный пост