Алча өстүрүү – фермерлер үчүн кирешелүү багыттардын бири

 Алча өстүрүү – фермерлер үчүн кирешелүү багыттардын бири

Алча данектүү мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн ичинен кирешелүү жана келечектүү айыл чарба багыттарынын бири болуп саналат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын мөмөсү жаңы үзүлгөн түрүндө, кургатылып, тоңдурулуп жана шире катары ички жана тышкы рыноктордо чоң суроо-талапка ээ.

Адистердин маалыматына ылайык, учурда алчаны Россия, Кытай, Корея жана башка өлкөлөргө экспорттоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Рыноктун кеңдиги жана сатып алуучулардын көптүгү бул багытты дыйкандар үчүн пайдалуу тармактардын бирине айландырууда.

Алча өстүрүүнүн негизги артыкчылыктарынын бири – 1 гектар жерге орточо 1 миң 250 түп көчөт отургузууга мүмкүнчүлүк бар. Толук мөмөгө кирген бактардан гектарынан орточо 18-20 тоннага чейин туруктуу түшүм алууга болот.

Ошондой эле алча дарагы суукка жана салыштырмалуу кургакчылыкка чыдамдуулугу менен айырмаланат. Күз мезгили көчөт отургузуу үчүн ыңгайлуу учурлардын бири болуп эсептелет. Бул убакта көчөттөр жакшы тамырлап, жазында активдүү өсө баштайт.

Сапаттуу көчөттөрдү тандоо, туура агротехникалык ыкмаларды колдонуу жана өз убагында багуу иштерин жүргүзүү жогорку сапаттагы түшүм алууга шарт түзөт.

Адистер фермерлерди алча өстүрүүдө жердин өзгөчөлүгүн, көчөттүн сапатын жана багуу технологиясын эске алууга чакырат.

Связанный пост