Алайда жер титиреди

 Алайда жер титиреди

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 20-октябрь күнү саат 23:44тө Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 39° 25´с.ш.λ = 73° 40´в.д.) күчү 4,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.

 

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга (Нура айылынан 29 чакырым түштүк батышта, Икизяк айылынан 30 чакырым түштүк батышта, Эркештам айылынан 35 чакырым түштүк батышта, Көк-Суу айылынан 34 чакырым түштүк чыгышта, Бор-Дөбө айылынан 35 чакырым чыгышта) чейин сезилген.

 

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост