Алайда 100 тоннадан ашык балык экспорттоо пландалууда

 Алайда 100 тоннадан ашык балык экспорттоо пландалууда

Алайда 100 тоннадан ашык балык экспорттоо пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Былтыр Гүлчө айыл аймагында уюштурулган балык чарбасында 210 миңден ашык балык багылууда.

Чарбада төмөндөгүдөй балыктар өстүрүлүүдө:

  • 1 айлык – 80 миң баш триплоид;
  • 3 айлык – 80 миң баш “стальная голова” сорту;
  • 7 айлык – 50 миң баш триплоид.

Бул балык чарбасы аймактын экономикалык потенциалын жогорулатып, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

2026-жылдын жаз айларында 100 тоннадан ашык балыкты экспортко чыгаруу жана ички базардагы балык сатуу жайларына жеткирүү пландалууда.

Муну менен Кыргызстандын балык чарбачылыгы тармагынын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошулат.

Министрлик чарбаны колдоп, келечекте өндүрүштү кеңейтүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү максатында тиешелүү иш-чараларды улантууда.

Связанный пост