Алагөзов: Президенттин атын жамынган алдамчылардан сак болуңуз
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атын жамынган алдамчылардан сак болууга чакырды.
Анын маалыматына караганда, социалдык тармактарда жана мессенжерлерде президенттин атынан жүргүзүлүп жатат делип, акчалай төлөмдөр убада кылынган сурамжылоолор тууралуу жалган маалыматтар жана шилтемелер таратылууда.
“Мамлекет башчысы эч качан мындай билдирүүлөрдү жайылтпайт жана шектүү интернет-акциялар аркылуу акча таратпай турганын расмий түрдө билдиребиз. Бул кадимки эле алдамчылык.
Бардык жарандарды өтө сак болууга чакырабыз: белгисиз шилтемелерди ачпаңыздар, алдамчыларга жеке маалыматтарды, банк карталарынын же телефондордун номерлерин бербеңиздер жана мамлекеттин атынан берилет делген жалган төлөмдөргө ишенбеңиздер.
Сураныч, бул алдоо схемасы жөнүндө туугандарыңыздарга жана досторуңуздарга эскертиңиздер. Расмий билдирүүлөргө гана ишениңиздер!
Бул факт боюнча укук коргоо органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат”, – деди ал.