“Ала-Арчада” дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө курулат

 “Ала-Арчада” дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө курулат

“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө курулат.

Президенттин Иш башкармалыгынын маалыматына караганда, узундугу 732 метр болгон айнек асма көпүрөнүн курулушу 2026-жылдын ноябрь айында башталат.

Долбоор 2027-жылдын аягына чейин аяктоосу пландалууда.

Күн мурун башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев европалык компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, долбоорду жана көпүрө курула турган аймакты жеринен карап чыкты.

Долбоор ишке ашса, көпүрө дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө болуп, Гиннесстин рекорддор китебине киргизүү каралууда.

Мындан тышкары, Тепши платосунан Теке-Тоо тоосуна жана шаркыратмага чейин экологиялык жөө жүрүү жолу уюштурулат.

Связанный пост