Акыркы суткада энергетика тармагында ашыкча жүктөм катталган жок
Кыргызстандын энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн суткада өлкө боюнча электр энергиясын керектөө 47,5 млн кВт/саатты түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 41,5 млн кВт/саат болгон.
Учурда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында электр тармактарындагы объектилерде пландуу оңдоо иштери уланууда.
Министрлик жарандарды, өзгөчө электр энергиясына суроо-талап жогору болгон маалда, ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Бул энергетика тутумунун туруктуу иштешине жардам берет.