Акыркы үч жылда Кыргызстанда 281 өнөр жай ишканасы ишке кирди

 Акыркы үч жылда Кыргызстанда 281 өнөр жай ишканасы ишке кирди

2024-2026-жылдары “100 өнөр жай ишканасы” долбоорунун алкагында Кыргызстанда 281 жаңы өнөр жайы ишканасы пайдаланууга берилди.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн 2 млрд доллардан ашык инвестиция тартылып, 21 миңге жакын жаңы жумуш орду түзүлдү.

“2026-жылдын аягына чейин дагы 47 жаңы өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда”, – деп айтылат маалыматта.

Долбоордун негизги багыттары айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тамак-аш, курулуш материалдарын жана фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү, ошондой эле энергетика менен логистиканы өнүктүрүү болуп саналат.

Долбоордун максаты — ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, чийки затты кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү, импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган продукцияларды чыгаруу, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүү.

Связанный пост