Акыркы үч айда өлкө аймагында 106 өзгөчө кырдаал катталган
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында өлкө аймагындагы табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштери тууралуу ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев баяндады.
Анын айтымында, ушул жылдын март, апрель, май айларында өлкө аймагында 106 өзгөчө кырдаал катталган. Анын алкагында Ош, Раззаков шаарларында, Лейлек, Сузак, Ноокен, Талас райондорунда өзгөчө кырдаал киргизилип, 1 адам каза болду. 333 үйгө суу кирип, 26 социалдык мекеме жабыркаган.
Ошондой эле табигый кырдаалдын кесепеттерин жоюуга ӨКМден 114 инженердик, Жарандык коргонуу кызматтарынан 203 техника тартылганын билдирди. Ал эми жалпысынан 3710 адам тартылып, анын 1290у Жарандык коргонуу кызматтарынан, 1646сы тургундар жана 747 куткаруучу селдин кесепеттерин жоюшкандыгына жана башка маселелерге токтолуп, депутаттардын суроолоруна жооп берди
Эл өкүлдөрү кооптуу аймактарда жашаган элди көчүрүү, дарыялардын жээктерин бекемдөө, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, кесепеттерин жоюуга карата бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын жетиштүүлүгүн, ӨКМдеги техникалардын жана куткаруучулардын санын көбөйтүү, аймакта суу дамбаларын куруу сыяктуу бир катар сунуштарын беришти.