Акылбек Жапаров: Жаңы самолет, вертолеттордун алынышы өлкө экономикасынын өсүү процессинен кабар берет

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун “Асман аба жолдору” авиакомпаниясы үчүн сатылып алынган Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү биринчи самолет Кыргызстанга келди.

 

Салтанаттуу аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

 

Минкаб төрагасы жаңы самолеттор менен вертолеттордун алынышы, министрликтер менен ведомстволордо унаалардын жаңыланышы өлкө экономикасынын өсүү процессинен кабар берерин белгиледи.

 

Маселен, Финансы министрлигинин 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында министрликтин райондук бөлүмдөрүнө 60 автоунаа берилди. Ички иштер министрлиги 100 даана “Chevrolet”үлгүсүндөгү унаа алды. Ошондой эле унаалар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Энергетика министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрликтерине өткөрүлүп берилди.

 

Ошондой эле Париж Олимпиадасына катышкан спортчуларга белекке берилген автоунаалар болду, алар ата мекендик “Тулпар Моторс” автомобиль заводунда чыгарылган.

“Ачыгын айтайын, мен экономиканы модернизациялоо боюнча китептин автору катары мындай модернизация процесстерин көрүп, бул иштердин катышуучусу болгонума абдан кубанычтамын. Модернизациялоо процесси улантылат жана бул өлкөнүн экономикалык кубаттуулугун жогорулатуунун маанилүү фактору болуп калат. Акыркы 3 жыл өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык фонунда өзгөчөлөнүп турат. Биз экономикада чоң ийгиликтерге жетиштик, маселен макроэкономикалык көрсөткүчтөр: ИДПнын өсүшү, көмүскө экономиканын кыскарышы, мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын көбөйүшү. Биз эбегейсиз чоң суммадагы тышкы карызды – дээрлик 500 миллион долларды төлөй алдык. Буга чейин мындай сумма биздин колубуздан келбейт, жерлерибизди кредиторлорго өткөрүп берүү менен карыздарды төлөйбүз деген кооптонуулар болгон болчу. Мына ушунун баары Президентибиз Садыр Нургожоевичтин кесипкөй командасынын эмгегинин натыйжасы”, – деди Акылбек Жапаров.

 

Белгилей кетсек, Канаданын “DeHavilland Aircraft of Canada” компаниясынын Bombardier Dash 8 Q-400 самолету — 80 жүргүнчүнү батыра алат жана 2 миң чакырымга чейинки аралыкка учууга жөндөмдүү. Q 400 — заманбап, ишенимдүү жана үнөмдүү учак. Самолет кыска аралыкка учууларды эффективдүү аткарууга жөндөмдүү, бул анын Кыргызстандын шаарлары менен облустарынын ортосундагы каттамдар үчүн ыңгайлуу.

Связанный пост