Акылбек Жапаров Түркияда дарыланып жаткан кыргызстандыктардан кабар алды
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркияда дарыланып жаткан кыргызстандыктардан кабар алды.
Белгилей кетсек, учурда Түркиянын Адана шаарындагы Мамлекеттик илимий-изилдөө ооруканасында Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан жана аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган төрт кыргызстандык дарыланууда.
Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул күндөрү расмий сапар менен Түркиянын Анкара шаарында жүрөт.