Акылбек Жапаров Сиандын Элдик саясий консультативдик конференциясынын партиялык тобунун төрагасы менен жолукту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шэньси провинциясынын Сиань шаарындагы Элдик саясий консультативдик конференциясынын партиялык тобунун төрагасы Ван Цзидэ менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташуусу активдүү өнүгүп жатканын, өзгөчө 2024-жылы биргелешкен масштабдуу долбоорлор ишке ашырылып, абдан жемиштүү болгонун белгилешти.
Маселен, үстүбүздөгү жылы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында “Бедел” өткөрүү пунктунун биргелешип ачылышы, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлуп, биргелешкен үч тараптуу компания ачылып, жакында бул долбоордун курулушун баштоо пландалып жатышы, ошондой эле Кара-Балта шаарындагы “Джунда” мунай заводу сыяктуу кытай ишканалары менен биргеликте Кыргызстанда бир катар ири өнөр жай объектилерин ишке киргизилиши айтылды.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Кытайдын Шэньси провинциясынын Сиань шаарында кургак портторду ачуу, электрондук соода жүгүртүү тармагында тажрыйба алмашуу сыяктуу бир катар тармактарда эки тараптуу кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.