Акылбек Жапаров Ош мэриясынын ишмердүүлүгүнө жакшы баа берди

 Акылбек Жапаров Ош мэриясынын ишмердүүлүгүнө жакшы баа берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынында мэриянын ишмердүүлүгүнө жакшы баа берди.

Министрлер кабинетинин башчысы 2023-жыл Ош шаары үчүн ийгиликтүү жыл болгондугун баса белгиледи.

“Эң негизгиси калкты таза суу менен камсыздоо маселеси чечилди. 2023-жылы жалпысынан республикалык бюджеттин эсебинен Ош шаарына бюджеттер аралык трансферттердин эсебинен 563,8 млн сом бөлүнгөн”, – деди министрлер кабинетини башчысы.

Белгилей кетсек, жыйындын күн тартибинде Ош шаарында 2023-жылы жасалган жалпы жумуштардын жыйынтыктары чыгарылып, 2024-жылга алдыга коюлган максаттар, жасалчу жумуштар, ири долбоорлорду ишке ашыруудагы мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Связанный пост