Акылбек Жапаров Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, туризм, социалдык-гуманитардык жана экологиялык тармактарда кызматташууну арттыруу маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүдө өз ара байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

МинКаб Төрагасы кыргыз-малайзиялык эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүүнүн натыйжалуу инструменттеринин бири болгон Өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгүн өзгөчө белгилеп, тараптар биргелешкен күч-аракеттер менен мамлекеттерибиздин жыргалчылыгы үчүн чоң ийгиликтерге жетишет деген ишенимин билдирди.

МинКаб Төрагасы маданий-гуманитардык чөйрөдө, ошондой эле каржылоонун ислам принциптери жаатында тажрыйба алмашууну баса белгилеп, бардык багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин ырастады.

Өз кезегинде Малайзиянын тышкы иштер министри Малайзиянын эки тараптуу кызматташуусун тереңдетүүгө даярдыгын белгилеп, бул жолку сапар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар Кыргызстан менен Малайзиянын өнөктөштүк мамилелерине жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Связанный пост