Акылбек Жапаров: Кыргызстан ТМУнун алкагында жаңы демилгелерге даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) экономика жана соода министрлери менен жолукту.

 

Жолугушууда минкаб төрагасы ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, акыркы жылдары Кыргызстандын ТМУга мүчө-өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү дээрлик 62%га өскөнүн, анын ичинде экспорт 54,6%га, импорт дээрлик 66%га өстү.

 

“Биз туура багытта бара жатабыз, бирок ушуну менен токтоп калбашыбыз керек. Соода-экономикалык кызматташуунун жаңы жолдорун издөөнү улантуу зарыл”, — деди Акылбек Жапаров.

 

Акылбек Жапаров ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн экономикалык потенциалын чыңдоо боюнча күч-аракеттерди мындан ары бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан уюмга мүчө-өлкөлөрдүн өнөктөштүгүн бекемдеп, өз ара өнүгүшүнө алып келе турган жаңы идеяларды жана демилгелерди талкуулоого даяр экенин билдирди.

 

Өз кезегинде ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн экономика жана соода министрлери уюмдун алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Связанный пост