Акылбек Жапаров: Коррупциянын деңгээлинин төмөндөшү демократиянын жана мыйзамдын үстөмдүгүнүн жеңишинен кабар берет

 Акылбек Жапаров: Коррупциянын деңгээлинин төмөндөшү демократиянын жана мыйзамдын үстөмдүгүнүн жеңишинен кабар берет

«Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, 2020-жылы өлкөнүн 49% калкы коррупцияны негизги көйгөйлөрдүн бири деп атаса, 2024-жылы калктын 10% гана коррупцияны көйгөйлүү маселе катары атаган; Бул саясий коррупциянын демонтажын жана жакшы башкарууну көрсөтүп турат. Бул демократиянын жана мыйзамдын үстөмдүгүнүн жеңиши деп айтсак болот”, – деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Президенттин Администрациясынын коллегиясынын жыйынында.

Минкаб башчысы изилдөөгө ылайык, коррупцияга эч качан жолукпаган жарандардын саны 2023-жылдын майындагы 50%дан 2024-жылдын январында 64%га чейин өскөнүн, бул биздин өлкөнүн жарымынан көбү коррупцияга кабылбаганын айгинелейт деп белгиледи.

Акылбек Жапаров ошондой эле уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Ал ошондой эле учурдагы тышкы тобокелдиктерге, анын ичинде экономикалык активдүүлүккө, түшүмдүүлүккө жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн болгон климаттык кырсыктарга, финансылык жана товардык рыноктордогу туруксуздук; инфляциялык басымдарга токтолду.

«Бул маселелерде биз өсүштү камсыз кылуу үчүн ички шарттарды бекемдөө боюнча иштерди күчөтөбүз: энергетика, ирригация жана автотранспорт тармагындагы ири улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу; жогорку экспорттук потенциалы бар артыкчылыктуу айыл чарба тармактарын өнүктүрүү; финансылык инструменттерге жетүү үчүн шарттарды түзүү. Биздин чоң пландарыбыз бар. Аларды ишке ашыруу аткаруу тартибин жана коррупциянын жок болушун талап кылат. Кабыл алынган ар бир чечимди өз убагында, сапаттуу жана так аткаруу ар бир жооптуу жетекчинин көңүл борборунда болууга тийиш», – деди Минкаб башчысы.

Связанный пост