Акылбек Жапаров ИМБДУ башкы директорунун жардамчысы Марко Алеман менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) башкы директорунун жардамчысы Марко Алеман менен жолугушту.

Тараптардын жолугушуусу Бишкектеги “Интеллектуалдык менчик жана өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү үчүн инновациялар: ийгиликтүү келечекке бирге” аттуу Улуттук форумдун алкагында өттү.

Анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун келечектүү маселелерин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин башчысы “Интеллектуалдык менчиктин, инновациялардын жана креативдүүлүктүн тең салмактуу жана эффективдүү экосистемасынын калыптанышы Кыргызстандын стратегиялык өнүгүүсүнүн шартында негизги мааниге ээ болуп жатканын” белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын алдында татаал жана ошол эле учурда жооптуу милдет– улуттук экономиканы сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу, өнүгүүнүн инновациялык жолуна өтүү турат. Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик рыногун калыптандыруу процесси өзүнүн өнүгүүсүнүн баштапкы этабында турат жана мамлекеттик институттардан да, эл аралык уюмдардан да, коомдук структуралардан да ар тараптуу колдоону талап кылат», — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) башкы директорунун жардамчысы Марко Алеман өлкөдө интеллектуалдык менчик тармагында олуттуу жылыштар болгондугун, мунун далили катары мыйзамдык базанын өркүндөтүлүшү, анын ичинде 5 мыйзамдын кабыл алынышы да далил болоорун баса белгилеп, бул багыттагы иштер мындан ары дагы өнүгүп, чыңдалат деген ишенимин билдирди.

Жыйынтыгында тараптар форумдун жыйынтыктары мындан аркы экономикалык өсүшкө, бизнес-чөйрөнү жакшыртууга жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоого, ошондой эле Кыргыз Республикасында инновациялык активдүүлүктү жогорулатууга жакшы түрткү болооруна ишеним билдиришти.

Связанный пост