Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жолугушту

 Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөнүн экономикасындагы алгылыктуу өзгөрүүлөрдү белгилеп, Дүйнөлүк банктын, Кыргыз Республикасынын элинин жашоо сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган программаларды ишке киргизүүдөгү жана ири долбоорлорду ишке ашыруудагы маанилүү ролун баса белгиледи.

Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси ири долбоорлорду ишке ашырууга каржылык катышууга жана Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн потенциалдуу инвесторлорду тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, ал Дүйнөлүк банктын айыл жеринде ичүүчү суу жана ирригация тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландары, 2024-жылга карата мерчемделген иш-чаралары тууралуу маалымат берди.

Связанный пост