Акылбек Жапаров: Биз кыргыз-орус кызматташтыгынын жаңы этабынын босогосунда турабыз

 Акылбек Жапаров: Биз кыргыз-орус кызматташтыгынын жаңы этабынын босогосунда турабыз

Биз кыргыз-орус кызматташтыгынын жаңы этабынын босогосунда турабыз. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан VI кыргыз-орус экономикалык форумунда сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы заманбап геосаясий жана экономикалык чакырыктар кыйынчылыктарды гана эмес, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы биргелешкен өсүү жана мамилелерди чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи. Бул контекстте ал чакырыктарга жооп берүү үчүн гана эмес, ийгиликтүү өнүгүүнүн жаңы жолдорун активдүү издөө үчүн ийкемдүүлүктү, демилгени жана стратегиялык көрөгөчтүктү көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бүгүн биз 2022-2026-жылдарга Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Экономикалык кызматташтыктын өкмөттөр аралык программасын ишке ашырууга карай ишенимдүү бара жатканыбызды сыймыктануу менен айта алабыз. Бул жөн эле план эмес – бул биздин өлкөлөрүбүздүн көп жылдарга келечегин аныктаган жол картасы. Бул процесстин эң маанилүү механизми Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду болуп саналат, ал акыркы 10 жылда 727,5 миллион долларга 3,4 миңден ашуун долбоорду каржылаган. Бул олуттуу инвестициялар бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштүк базаларды модернизациялоого жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө гана өбөлгө болбостон, биздин өлкөлөрдүн ишкерлеринин ортосундагы бекем экономикалык байланыштарды да бекемдейт. Бул биздин өнөктөштүгүбүздүн туруктуу келечегине кошкон салымы”, – деди ал.

Акылбек Жапаров эки тараптуу кызматташтыктын потенциалын ачуу үчүн инновацияны өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө, ошондой эле кичи жана орто бизнести колдоого өзгөчө көңүл буруу зарыл деген оюн билдирип, өнүгүүнүн зор потенциалы бар бир катар перспективалуу багыттарга токтолду.

“Биз чоң потенциалга ээ болгон Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагы эл аралык рынокто атын чыгарууга даяр экендигине ишенебиз. Wildberries жана Ozon сыяктуу платформалар биздин продукцияларды экспорттоо үчүн эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы түз өз ара аракеттенүүнүн каналын түзөт. Биз азык-түлүк тармагына өзгөчө көңүл бурабыз, Кыргызстан Россияга сапаттуу жана экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүү жана жеткирүү үчүн олуттуу ресурстарга ээ. Туризм дагы бир келечектүү багыт болуп саналат. Биздин уникалдуу жаратылыш байлыктарыбыз, бийик тоо кыркалары, тунук көлдөрү жана Кыргызстандын элинин меймандостугу россиялык туристтерди эзелтеден тартып келген. Быйыл россиялык инвесторлор Ысык-Көл облусунда “Каркыра” тоо лыжа базасын жана “Байтик Резорт” курорттук комплексин кура башташты”, – деди ал.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров илимий-техникалык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, маалыматтык технологиялар, медицина жана билим берүү сыяктуу негизги тармактарда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө эмгек миграциясы кыргыз-орус мамилелеринин эң маанилүү социалдык аспектиси экенин баса белгиледи.

“Россияда иштеген Кыргызстандын жарандары эки өлкөнүн экономикасына эбегейсиз салым кошууда. Алардын иши маанилүү, ошол эле учурда азыркы кырдаал кылдат мамилени жана салмактуу чечимдерди кабыл алууну талап кылат. Биз миграция маселелерине стратегиялык ыкмаларды издешибиз керек: биргелешкен укук коргоо чараларынан баштап ротациялык нөөмөттөрдү колдонууга жана миграциялык агымдарды натыйжалуу башкарууга чейин. Бул багытта биргелешип иш алып баруу эки тарапка тең пайдалуу болгон компромисстик жана туруктуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берет”, – деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, кыргыз-орус экономикалык форуму Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган.

Связанный пост