Акунбеков Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Үч-Коргон ГЭСинин ишмердүүлүгү жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Анда МинКаб Төрагасынын орун басарына станциянын негизги генерациялоочу жабдууларын жаңылоого, анын өндүрүштүк натыйжалуулугун жогорулатууга, ишенимдүүлүгүн жана эксплуатациялык коопсуздугун камсыздоого багытталган иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берилди.
Учурда объектте башкы подрядчы болгон Кытайдын CNEEC компаниясы тарабынан курулуш-монтаждоо иштери улантылууда. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 100дөн ашуун адис тартылган.
Модернизациялоо иштери бекитилген графикке ылайык ишке ашырылууда, бул өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын жаңылоодогу маанилүү этаптардын бири болуп саналат.
Жалпысынан Үч-Коргон ГЭСинде 4 даана гидроагрегат болсо, анын 2 гидроагрегаты учурда модернизацияланууда, аларды оңдоо иштери аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу 220 МВт болот, ал эми негизги жабдуулардын иштөө мөөнөтү узартылат.
Ишмердүүлүгү жана оңдоо иштери менен таанышкан МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков иштин сапатына көңүл буруп, өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды. Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо иштери белгиленген графикке ылайык үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин толук бүткөрүү пландалууда.