АКШнын Президенти Дональд Трамп Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Бул майрам бардыгы үчүн тынчтыктын, гүлдөп-өнүгүүнүн жана жаңылануунун символу.
Ошондой эле Тажикстан менен чек аранын жакында делимитацияланышына байланыштуу куттуктоомду билдиргим келет. Бул экономикалык жана коопсуздук маселелеринде эки өлкөгө тең пайда алып келе турган олуттуу жетишкендик.
Америка эли бул тарыхый келишимди жана ал алып келе турган тынчтыкты кубаттайт. Биздин өлкөлөр заманыбыздын маанилүү чакырыктарын чечүүдө биргелешкен аракеттерди улантып жаткандыктан, Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн, көз карандысыздыгынын жана аймактык бүтүндүгүнүн туруктуу колдоочусу бойдон кала берерин билиңиз”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.